Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Шайлоого бюджеттен 623,3 млн сом сарпталды

24.11.2021 08:26
528
Шайлоого бюджеттен 623,3 млн сом сарпталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кеңешмесине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.


Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкө жетекчилигинин саясий эркине жараша шайлоо процессинини шарттары өзгөртүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкө парламентинин депутаттарын шайлоону эркин, ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча Жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. 


«Билим берүү, медициналык тармактын кызматкерлерин, техникалык персоналдарды шайлоо процессине тартууга тыюу салынган. Биздин милдет – жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу», - деди ал. 


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, шайлоо участкалары керектүү жабдуулар, байланыш жана интернет менен жабдылган. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөн.


«Коронавирустук инфекция пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо участкасында тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керек. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Шайлоо участкалары интернет, электр генераторлору, пандустар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн чакыруу баскычтары менен камсыз болушу керек», - деди Акылбек Жапаров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн