Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шайлоого карата Нарын ОИИБдин өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү

25.09.2020 14:04
951
Шайлоого карата Нарын ОИИБдин өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү


Бүгүн, 25-сентябрь күнү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого карата Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү.


ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага облус башчысы Эмил Алымкулов, ОИИБдин башчысы Улан Аалиев, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курманбек Кудайбергенов катышты.


Саптык кароодо облус аймагында мыйзамдуулукту сактоо менен коомдук саясий кырдаалды күчөтүлгөн тартипте тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамсыз иштерге ыкчам чараларды көрүү боюнча  тапшырмалар берилди. Ошондой эле, өзгөчө маанилүү объектилерде жана шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар айтылды. 


Мындан тышкары, Нарын облустук жана шаар,  райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жалпы кызматкерлери өздүк гигиенаны туура сактоо максатында  жеке коргонуучу каражаттар  менен,  ошондой эле кызматтык автоунаалар күйүүчү майлар менен камсыз болушту.


Милиция кызматкерлерине Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоо күнү ар кандай чагымчылдыкка, мыйзамсыз аракеттерде жол бербөө, шайлоо комиссиясыларына жеткирилген бюллетендерди жана жабдыктарды кайтаруу керектиги дагы бир жолу эскертилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн