Ошентип кайрадан белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо болуп өттү. Шайлоолордон эл да тажай баштаганы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосу үчүн жалпы шайлоочулардын болгону 24,5 пайызы эле катышканынан билингенсип калды. Ал эми Ошто шайлоочулардын катышуусу 43,6 пайыз, Токмок шаарында 44,5 пайыз болду.
Бул шайлоолордун ичинен көбүрөөк коомчулуктун көңүлүн бурганы борбор калаанын шаардык кеңеши үчүн ат салышуу болуп жатканы ырас. 11-апрелде өткөн шайлоодо да алдыга алты партия чыгып келген. Бул жолкусунда да алдын-ала жыйынтык боюнча алты партия 7%дык босогодон өткөнү маалым болуп турат. Алар "Эмгек", "Ата-Журт-Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" жана Социал-демократтар партиялары.
Өткөнкү шайлоодо дагы биринчи орунду «Эмгек» партиясы камсыздаган. Ал эми экинчи болуп келген «Ак Бата» кайрадан өтө турган шаардык кеңештин шайлоосуна катышпай турганын, күздө өтө турган парламенттик шайлоого даярданышаарын билдирген. Ошондой эле 11-апрелде алдыга чыккандардын катарында болгон НДПК партиясы да кайра шайлоого барбай турганын жарыялаган.
Ошентип бул жолу деле кайра шайлоого катышуудан баш тарткан «Ак Бата» менен «НДПК» партияларынан башка мурдагы эле жеңүүчүлөр кайтып жеңишке жетишти. Болгону алардын катарын «Социал-демократтар» жана экинчисинде гана аламанга ат салган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы толуктады.
Бул жолу деле мурдагысындай эле добуштарды сатып алуу фактылары катталды. Кайрадан эле шайлоону жокко чыгаруу талабын коюп жаткандар бар. Мисалы, «Реформа» партиясы «Фейсбуктагы» расмий баракчасына шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын, саясий өнөктүктө айрым партиялар добуш сатып алганын, админстративдик ресурс колдонулганын жазып чыкты. Ошол эле убакта «Туран» партиясынын өкүлдөрү дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, БШК имаратынын алдына каршылык акциясын өткөрүштү. «Улуу Журт» партиясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын жарыя кылышты. Бул жолкусунда жеңишке жетишип калышкан «Социал-демократтар» шайлоодогу добуш сатып алуулар сыяктуу иш-аракеттер тууралуу ооз ачпай эле отурушат.
Ачыгын айтыш керек, бул шайлоо деле мурдагысынан көп айырмаланган жок. Жалпы үч шаарда өткөн шайлоодо ИИМге 62 маалымат келип түшкөнү маалым болду. Анын 33ү Бишкек шаарындагы шайлоо боюнча. ИИМдин тергөө кызматынын маалыматы боюнча добуш сатып алуу боюнча эки факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ош шаарында 7 факты боюнча териштирүү жүрүүдө. Токмок шаарында да эки факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 7 факты боюнча териштирүү жүрүүдө.
Айтор, эми шайлоонун жыйынтыгы таанылабы же таанылбай калабы деген суроо жаралат. Эгерде 11-апрелдеги шайлоо ыплас өткөн десек, анда андан көп айырмаланбаган 11-июлдагы шайлоо деле ошондой аталышы керек. Экинчиден, бул жолу да шайлоону жокко чыгарып, кайрадан шайлоо жарыялана турган болсо, анда шайлоочулар добуш берүүгө барбай коюшу да мүмкүн. Ошол эле убакта күзүндө да парламенттик шайлоо өткөрүү милдети турат. Биз кайра-кайра шаардык кеңештердин шайлоосу менен алпуруша берсек, күздөгү парламенттик шайлоого ким даярданат? Анын үстүнө шайлоолорду өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражаттар сарпталары белгилүү. Ал чыгымдардын ордун кантип толуктайбыз?
Бул көрүнүштөр бизге олуттуу сабак болушу шарт. Добуштарды сатып алуу аракетин жасаган партиялар жана добушун акчага сатып жатып кармалган шайлоочуларга карата мыйзам алкагында жоопкерчилик карала тургандай норма керек. Оозеки эле эскертүү менен эч кандай жыйынтык чыкпай турганын билдик. Бир жолу добуш сатып алууга барган талапкер өмүрүнүн аягына чейин шайлоого катыша албай тургандай болушу керек. Ошол эле убакта мамлекеттик кызматка да иштебесин. Анын аты-жөнү коомчулукка ачык айтылып, ким экени да таанылышы керек. Ошондо гана шайлоолорду кайра-кайра өткөрүп, кайра-кайра бюджетке күч келтирбей калабыз.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн