Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шектүү кармалды. Караколдо эркек киши аялды өлтүргөн

Шектүү кармалды. Караколдо эркек киши аялды өлтүргөн


Караколдо милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 13-августта милицияга тез жардам кызматынын дарыгеринен үйдөн бычактан жаракат алган аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.


«Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташкан. Ал Ысык-Көл облусунун 67 жаштагы тургуну болуп чыкты. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Сурак учурунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү акчанын айынан жасалган. Шектүү аялга акча сурап келип, андан улам чыр чыккан. Жыйынтыгында ал бычак менен сайып жиберген», - деп билдиришти башкармалыктан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн