Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Шектүүлөр кармалды. Бишкекте чөнтөкчүлөр өспүрүмдү уруп, качып кетишкен (фото)

15.08.2023 11:14
252
Шектүүлөр кармалды. Бишкекте чөнтөкчүлөр өспүрүмдү уруп, качып кетишкен (фото)


Бишкекте милиция кызматкерлери тоноо фактысына шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 10-август күнү Р.Г. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, ал маршруттук таксиде акча салынган капчыкты уурдоого аракет кылган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кылмышка шектүүлөр анын уулун уруп, качып кетишкен.


«Ошондой эле 10-август күнү А.Ж. аттуу жаран кайрылган. Ал 8-август күнү маршруттук таксиде уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу жоготуп алганын байкап, телефонун кайтарып берүүгө аракет кылган, бирок чөнтөкчү каршылык көрсөтүп, белгисиз нерсе менен урганга аракет кылган. Аталган фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. Кылмышка шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Алар мурда соттолгон 17 жаштагы М.Д., 17 жаштагы О.И., 22 жаштагы Ж.К. жана 25 жаштагы Ч.М. Баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 17 жаштагы М.Д. Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясынын жашы жете элек балдар үчүн түзөтүү колониясына киргизилген», - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.


Кылмышкерлердин аракеттеринен жабыр тарткан жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0990770707 же 102 телефондору аркылуу кабарлашсын.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн