Бүгүн, 4-мартта Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина жана Грузиянын НАТО уюмуна мүчө болбогону туура деп эсептей турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарына маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда эки өлкөнүн уюмга мүчө болуусу күн тартибинде жок.
"Буга чейин да АКШ жана Франция президенти Украина менен Грузиянын НАТОго мүчө болушу согушка жол ачарын билдирип келген. Мындан улам ал чечим туура болгон деп эсептейбиз",- деди Шольц.
Ошондой эле Олаф Шольц НАТО согушка катышпаган тарап катары Украинага аскер киргизбей турганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн