Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Шүкүрбек Эркебаев: “Асман шаарынын курулушу Төлөнбай Нурбаевден көз каранды эмес”

09.10.2023 10:57
243
Шүкүрбек Эркебаев: “Асман шаарынын курулушу Төлөнбай Нурбаевден көз каранды эмес”


- Инвесторлор менен иш алып барган Төлөнбай Нурбаевге “инвесторлордон 200 миң доллар алуу үчүн коркутууларды уюштурган” деген доомат коюлуп, камакка алынды. Айрымдар “Асман шаары салынбай калганы үчүн ушул жигит садага чабылды” десе, кээ бирөөлөр “Төлөнбай Нурбаевдин анык жүзү ачылды” дешүүдө...


- Негизинен азыркы учурда коррупция менен аёосуз күрөш жүрүп жатканы баарына маалым. Ошентсе да өлкөбүздө коррупциянын, паракорчулуктун аягы токтобой жатат. Камап, “кустуруп” жатса да ар кандай жолдор менен казынага кол салган учурлар болуп, паракорчулук уланууда. Ушундан улам биздин аткаминерлер Жараткандан да коркпой, “эки дүйнө баары бир” деген принципке өтүп алгандай туюлууда. Төлөнбай Нурбаевди “200 миң доллар алуу үчүн коркутууларды уюштурган” деп кармап, жоопко тартса, демек, күнөөсү бардыр... Анткени, күч органдары кимдир бирөөнү жоопко тартаарда изилдеп, тактап, анан тартат. Азыркы учурда күнөөсүз эч кимге айып тагылбайт, “буюртма” деген түшүнүк жоюлуп баратат. Ошондуктан, бул кишинин аракетин тийешелүү органдар териштирип, өз баасын берер. Жогорудагы “Асман шаар салынбай калып, садага чабылды” деген сөз туура эмес. Асман шаарынын курулушу Төлөнбай Нурбаевден көз каранды эмес да. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн