Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Шумкар» атайын багыттагы полку 9 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

22.10.2020 18:01
1488
«Шумкар» атайын багыттагы полку 9 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн, 22-октябрда «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2020-жылдын 9 айы боюнча ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ыкчам кеңешменин жүрүшүндө кызмат башчылары жана бөлүктөрүнүн командирлери отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер  боюнча маалымат беришти.


"Полктун командиринин орун басары,  милициянын подполковниги К.Ашыров кызмат башчыларынын жана бөлүк командирлери ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез аранын ичинде жоюну табыштады. Жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонууну, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн