Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Швециянын үч катасы

16.06.2020 17:04
831
Швециянын үч катасы


Жаңы Зеландия өкмөтүнүн илимий кеңешчиси Майкл Бейкер коронавирус менен күрөшүү боюнча швециялык ыкмаларды натыйжасыз деп атады. Анын пикиринде, бул өлкөдө COVID-19ду жеңүү үчүн башында эле катаал чараларды киргизүү керек эле. Швециянын бийликтери мындай чаралардан баш тартуу менен чоң жаңылыштык кетиришти.


Бул туурасында профессор Майкл Бейкер РБК берген маегинде баяндады. Айтымында, Швецияда вирус менен күрөшүү үч жаңылыш гипотезага негизделген.


Бирок, алардын бири да өзүн актабады: өлкөдө вирустун очокторун жоготуу, коллективдүү иммунитетти пайда кылуу жана экономикалык кризиске жол бербөө мүмкүн болгон жок.


Швеция – пандемияга каршы чектөө чараларын киргизүүдөн баш тарткан саналуу өлкөлөрдун бири. 15-июнга карата өлкөдө вирус жуккандардын саны 52 383 адамды түзүп, алардын 4891и көз жумду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн