Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

СИЗО-1де 35 жаштагы жаран каза болду

СИЗО-1де 35 жаштагы жаран каза болду

Бишкектеги СИЗО-1де каза болду делген жаран боюнча Жазаларды аткаруу кызматы  билдирүү таратты. 


Мекеме тараткан билдирүүгө  ылайык, 28-августта таңкы саат 05:40 чамасында №21 мекеменин (СИЗО-1) режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда камерадан 1987-жылы Чүй облусунда туулган К.И.М. аттуу жаран эс-учун жоготкон абалда табылган.


Нөөмөткө чакырылган фельдшер ага биринчи жардам көрсөткөн, бирок бул оң натыйжа берген эмес. Саат 06:26да келген "Тез жардам" кызматы ал биологиялык өлүмгө учураганын билдирген. Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаардык медициналык экспертизанын республикалык борборунун кызматкерлерине соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган. Экспертизанын жыйынтыгында денесине залал келтирилгени аныкталган эмес.


“Так диагноз коюу үчүн Бишкек шаарынын Республикалык медициналык жана медициналык баа берүү борборунун соттук-медициналык эксперттери изилдөөгө кирген күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакыт талап кылынат. Учурда Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


Ал мурда соттолгон, Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ушул жылдын 26-августунда Чүй районундагы №26 жатак абактан качып кетүү фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилгени кошумчаланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн