Жек көрүү бул-оор сезим батмандай,
Канжар мизи жүрөгүңө баткандай,
же болбосо
так чекеңе аткандай,
кызыл каның сызылып,
ак бетиңен аккандай,
көк желкеңе
көктөй ташты аскандай,
асман өзү баскандай,
жек көрүүгө коротпо,
бир өмүрүң аз кандай.
Мейли ажалды
берсин бизге кечинен,
Мени өлтүрүп
койсоң деле кечирем.
Көрүнүшү мүмкүн сага
бул мүнөзүм бошоңдой,
Бирок, кыргыз табияты ошондой.
Бүт жашоосу ыр, нуска,
Сени сууга ыргытса да,
чөгүп жатса кемеңди бер,
“Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер”,
Бул не деген кеменгер эл.
Эч качан, эч кимден өч алба,
Кошунаң жаман болсо, көч анда!
Сүйөм досум,
Кайтпай калган күнүмдү да казаттан.
Сүйөм досум өлүмдү да,
Ал куткарат азаптан.
Өлүм менен бүтпөйт өмүр,
Калса дагы бейитиме гүл өнүп.
Өлүм деген-ал жашоонун
башталышы түбөлүк.
Жашасын өлүм!
Эскиртип кечээ көргөндөрдү,
жерди, заманды
жаңыртканы үчүн.
Жашасын өлүм!
Тирүүлөргө өлгөндөрдү
сагынтканы үчүн.
Жашасын өлүм!
Адамдар өлүмдөн да бийик
жеңиштерди багынтканы үчүн.
Сен жек көрсөң,
Балким, менде бар айып.
Мен жек көрсөм,
Кетер дүйнөм карайып.
Анда кантип ыр жазам?
Жек көрүүгө толуп турса жүрөгүм,
Таарынычың болсо дагы бир казан,
Жек көрүүсүз
жашап адам, сүр өмүр!
Бир өмүр,
өзүмдү-өзүм
кетем кээде көп көрүп,
сан электен өткөрүп.
Сүйгүлө, сүйүлгүлө, сүйүнгүлө,
жашай албайм
мен бирөөнү жек көрүп.
ӨМҮРБЕК ТИЛЛЕБАЕВ, акын
Бишкек, Көлмө. 2021-жыл, 24-Май.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн