Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

С.Жапаров: 30 жылдан бери өлкөдө кызмат орундар тууганчылык принциби менен дайындалып келген

30.10.2020 14:34
727
С.Жапаров: 30 жылдан бери өлкөдө кызмат орундар тууганчылык принциби менен дайындалып келген

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдрахман Маматалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору өкмөт башчыга ведомствонун учурдагы жүргүзүп жаткан иштери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча чаралар жана милдеттер тууралуу маалымат берип, ошондой эле президентке караштуу Мамлекеттик башкару академиясынын жана Улуттук кадрлар резервинин ишине кеңири токтолду.


Садыр Жапаров белгилегендей, учурда көп сандаган түзүмдүү, ыйгарым укуктары кайталанган жана ээлеген кызмат ордуна билим деңгээлдери дал келбеген мамлекеттик башкаруу тутуму алдыдагы жаңы милдеттерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бербестен, айрым учурда алардын өз мөөнөтүндө чечилишине тоскоолдук жаратууда.


«Көзкарандысыздыктын 30 жылы аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка малынып, кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга жараша эмес, тууганчылык принциби боюнча дайындалып келген. Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган адамдар дайындалып калган учурлар кездешет», - деди Садыр Жапаров.


Ошондой эле ал Мамлекеттик кадр кызматы алдында мамлекеттик башкаруу тутумун толугу менен кайрадан форматташтыруу милдети тургандыгын баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн