Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды" - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн