Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

С.Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министри болушу менен куттуктады

17.09.2020 10:34
902
С.Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министри болушу менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Суганы Япониянын премьер-министр кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргызстанга ар дайым колдоо көрсөтүп, достук мамиле көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Япония мамлекетине терең ыраазылык билдирем. Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өзгөчө деңгээли мени кубандырат.

Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп абдан ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Ёсихидэ Сугага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн