Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

С.Жээнбеков Индонезиянын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

18.08.2020 09:52
1003
С.Жээнбеков Индонезиянын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков 17-августта, Индонезия Республикасынын президенти Жоко Видодону Индонезия Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргызстан Индонезия Республикасы менен достук мамилелерди жогору баалайт жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биргелешкен күч-аракеттер менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бекемделе берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Жоко Видодого чын ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Индонезия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн