Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 19:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

С.Жээнбеков кароосуз калган медицина борборун көрүп чыккандан кийин эмне деди?

23.07.2020 15:45
1597
С.Жээнбеков кароосуз калган медицина борборун көрүп чыккандан кийин эмне деди?


Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, имарат 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.


Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. 


Сооронбай Жээнбеков өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.


Бардык облустарда комплекстүү ооруканаларды куруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында имараттарды модернизациялоо боюнча иштер башталат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн