Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

С.Жээнбеков жана А.Мадумаров Баткен облусун өнүктүрүү маселесин талкуулашты

18.08.2020 17:53
1276
С.Жээнбеков жана А.Мадумаров Баткен облусун өнүктүрүү маселесин талкуулашты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар кандай талаш-тартыштарга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы мезгилге өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделген.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду.

Коңшу элдердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы калкы катаал шартта жашап жаткан Баткен облусун өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Ал бюджеттин тартыштыгына карабастан, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландаштырылган  бардык программаларды каржылоо толук көлөмдө улантыларын айтты.

 «Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу  боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурабашы керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн