Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Саат 14:00: Шайлоочулардын 16 пайыздан ашыгы добуш берди

28.11.2021 15:25
434
Саат 14:00: Шайлоочулардын 16 пайыздан ашыгы добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрь, саат 14:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 603 миң 432 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.


Анын маалыматына таянсак, ал жалпы шайлоочулардын 16,27 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.


Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 593 миң 315 шайлоочу (16,39%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.


Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 2 миң 720 (3,23%) адам өз тандоосун жасады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн