Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Саатына 3 миң тоок союлат. Балыкчыда "Агрокуш" заводу ачылды

22.07.2021 07:15
572
Саатына 3 миң тоок союлат. Балыкчыда "Агрокуш" заводу ачылды

Балыкчы шаарында канаттууларды сойгон завод ачылды. Бул тууралуу ачылыш аземине катышкан жергиликтүү кабарчы билдирди.


“Агрокуш” ишканасынын 10 ай мурун башталган бул долбоору толук кандуу ишке кирди. Заводдо азыркы тапта 120 адам иштеп, саатына 3 миң тоок союуга жетишүүдө. Жабдуулар Түркиянын жана Европанын үлгүлүү фирмаларынан алып келип орнотулган. Завод жылына 7 миң тонна даяр тоок этин бере алат”, — деп айтылат билдирүүдө.  

Жалпысынан 13 миллион долларга бааланган бул долбоор негизинен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Бул каражатка инкубаторий, тоок багуучу фабрика жана союучу завод курулган.



“Балыкчы шаарында жылына 9,5 миллион жумуртка чыгаруу кубаттуулугуна ээ инкубаторийде жумасына 55 миң жөжө чыгарылып, ал Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы тоок өстүрүүчү фабрикага жөнөтүлөт. Ал жерде 49 күн багылып, орточо тирүү салмагы 3,5 килограммга жеткенде бул жерге алып келип соёбуз”, — деди мекеменин генералдык директору Аскат Абдрахманов.  


Мында азырынча жылына 7,5 миң тонна даяр эт чыгаруу пландалып жатат. 2022-жылы баштала турган экинчи этапта жылына 22 миң тонна тоок этин чыгаруу көздөлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн