Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сабиздин кымбатташы бул күлкү эмес, трагедия

16.06.2021 09:12
1285
Сабиздин кымбатташы бул күлкү эмес, трагедия


Сабиздин кымбатташы бул күлкү эмес, трагедия.  Буга чейинки кымбаттоолор башталышы гана, алдыда мындан дагы кымбаттоолор күтүлүүдө. Казакстанда кургакчыл, күн куйкалап жатат. Дан эгиндери күйүп кетүү коркунучунда. Демек ундун баасы дагы асмандайт. Чүйдө суу тартыш, дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдө. 


Чөп былтыркыга салыштырмалуу 300%га кымбат! Айыл-чарба министрлиги жок дегенде азык-түлүк коопсуздугун мониторинг кылуусу абзел. Өсүмдүк майы акыркы 1 жумада 180-190 сомго жетти. 


Эмне кылуу керек?


- Тамак ашты чачып, ысырап кылууну азайтуу;

- Эл көзүнө деп дасторкон үстүнө жайната берүүнү;

Азайтуу керек. 


Керек болсо мамлекет - туура тамактануунун менюсун түзүп, элге сунуштап, ага көндүрүү зарыл. Туура тамактануу ашкере ысырапкорчулукту азайтат, ден соолукка пайдалуу жана экономикалык жактан үй-бүлөөнүн казынасына үнөм. "Эл көрсүн" деген адаттан арылмайын жарыбайбыз. 


Той-аштарда столго батпаган тамак аштын чети оюлбайт. Жей келсең жалаң ашыкча салмак боло турган пайдасыз азыктар. Соңунда эт, конфет баарын аралаштырып пакетке ботко кылып салып кетишет. Калганын ит жейт же мусорго ыргытышат. Туура тамактануунун эрежеси менен той  берсен, "куураган жмот, дасторконунда эч нерсе жок"-деп сындашат. Качан эл көзүнө жашаганды токтотобуз? Эмнеге эл кабыл алып, туура деп койгон сызык менен жүрүшүбүз керек?!


Дайыр Орунбеков, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн