Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Садыр Жапаров Лейлектеги аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты

06.05.2021 15:06
936
Садыр Жапаров  Лейлектеги аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу тышкы чек аралардан башталарын баса белгиледи.

Президент окуяда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер түрдө калыбына келтирилээрин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону Президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Баткен облусуна дагы деле болсо жардамын улантып жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыктарын айтышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн