Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаров 18-майда эки күндүк иш сапары менен Кытайга барат

16.05.2023 12:53
307
Садыр Жапаров 18-майда эки күндүк иш сапары менен Кытайга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-20-майда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Ошондой эле Мамлекет башчысы сапардын алкагында  «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.

Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда”, -  деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн