Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаров: 2026-жылга 50 миңден ашык адамды ипотекалык үй менен камсыз кылабыз

02.04.2023 06:00
533
Садыр Жапаров: 2026-жылга 50 миңден ашык адамды ипотекалык үй менен камсыз кылабыз

Жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Президенттин айтымында, өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.


""Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи.


Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө", - деди ал.


Мамлекет башчысы былтыр 47-колония Молдовановка айылына көчүрүлгөндүгүн эске салды.


"Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз.


Мындан сырткары, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.


Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.


Мамлекеттик кызматкерби, же жөнөкөй ишкерби - айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.


Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз", - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн