Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:55
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз

15.12.2023 13:05
245
Садыр Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз


"2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз", деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн экинчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

Президент өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жеткендигин (2020-жылы 639 млрд) баса белгиледи.

"Бул көрсөткүчтү жакынкы күндөрү эле басып өттүк. Бул – алгылыктуу жумуштун жыйынтыгы болгон чоң жетишкендик", - деп кошумчалалды мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров өлкө казынасынын каражаттары жалаң гана өсүү темпи менен бараткандыгын баса белгиледи.

"Бул көрсөткүчтөр, эң алгач, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлгөндүгүнөн улам жаралды. Тышкы карыз боюнча милдеттенмелерибиз бар. Ушул жылдары эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына туш келдик. 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз. Маселен, 2023-жылы – 344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн доллар", - деди өлкө башчысы.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн