Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров 28-декабрда Россияга иш сапары менен барышы күтүлүүдө

25.12.2021 13:04
949
Садыр Жапаров 28-декабрда Россияга иш сапары менен барышы күтүлүүдө


Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин демилгеси менен 28-декабрда Санкт-Петербургда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу болот. Бул тууралуу  Кремлдин басма сөз кызматына таянып чет элдик басылмалар билдирди.


Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи  Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн