Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров 3 ири шаардын мэрлерин алмаштырды

13.05.2023 15:50
418
Садыр Жапаров 3 ири шаардын мэрлерин алмаштырды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бапаев Чингиз Арстанбекович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.


Ошондой эле,  Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Джумаев Эрмат Джумаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.


Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нусувалиев Максат Орозбекович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн