Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров: 30 жылда бир метр да темир жол курулбаптыр, буюрса түндүк-түштүк темир жолун курабыз

24.03.2022 07:59
941
Садыр Жапаров: 30 жылда бир метр да темир жол курулбаптыр, буюрса түндүк-түштүк темир жолун курабыз

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу иштери башталганын жарыялады.


Президенттин айтымында, бул темир жол курулуп бүткөндөн кийин, түндүк-түштүк темир жолу курулат.


"Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-

Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз",- деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн