Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейрасмий жыйынына катышпайт

07.10.2022 08:56
603
Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейрасмий жыйынына катышпайт

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт. Бул маалыматты тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тастыктады.


Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.


Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.


5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.


Булак: "Азаттык" 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн