Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Адахан Мадумаров мамлекетчил эмес, популист адам

03.06.2022 16:44
3272
Садыр Жапаров: Адахан Мадумаров мамлекетчил эмес, популист адам


Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирген.


"Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Чет өлкөлөрдөн алып жаткан импортубуз чектелүү.


Мисалы, буудай, ун, кумшекер, суу майга квота киргизилген. Тагыраак айтканда биздин өлкөгө жетээрлик гана көлөмдө ала алабыз. Андан ашык алсак үстүнө бажы жана башка өнүмдөр кошулат. Анда тамак-аш асмандын башына чыгып кетет. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн",- деди президент.


Мындан сырткары, Садыр Жапаров: "Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм. Аткезчилик кылып жаткандын дагы бир далили.


Мадумаров айтып жатпайбы “500 доллар берейин өткөрүп кой десем миң доллар бер деп атат” деп. Өзү үчүн үйүнө товар алып бара жаткан адам жөндөн-жөн эле 500 доллар сунуштабайт да. 500 доллар бергиче өлүп берем демек. Бул иштер боюнча жергиликтүү бийлик дагы УКМК менен биргелешип иштеп жатат. Жергиликтүү тургундарга жетиштүү товарларды өткөрүп берип жатышат. Аткезчиликке жол берилбейт",- деп кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн