Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Афганистанда теократиялык өлкөнүн түзүлүшү Борбор Азияга терс таасирин тийгизерин айтты

16.09.2021 13:09
967
Садыр Жапаров Афганистанда теократиялык өлкөнүн түзүлүшү Борбор Азияга терс таасирин тийгизерин айтты

Президент Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде Афганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Афганстан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.


«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз», - деп белгиледи ал.


Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Афганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди. 


Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи. 


Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Афганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи. 


Ошол эле учурда Мамлекет башчысы Афганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. 


«Биз Афганстандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн