Бүгүн, 24-апрелде президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетпей турганын билдирди. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай",- деп жазды президент.
Буга чейин коомчулукта Акылбек Жапаров отставкага кетери тууралуу кептер тараган. Анда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Акылбек Жапаров отставкага кетпей турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн