Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Садыр Жапаров Акжол Махмудовду финалга чыгышы менен куттуктады

02.08.2021 18:41
568
Садыр Жапаров Акжол Махмудовду финалга чыгышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыккан Акжол Махмудовду куттуктады. Бул тууралуу Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


'Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем!

Алга, Кыргызстан!",- деп билдирүү калтырган президент.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн