Учурда камакта отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу президент Садыр Жапаров өз пикирин АКИpress агенттигине маек берип жатып билдирди.
"Аны сот чечет. Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек. Менин билишимче, Кой-Таш окуясы боюнча жана Батукаев боюнча соту жүрүп жатат. Анын качан чыга турганын сураган да жокмун. Аны мен эмес, сот чечет", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн