Президент Садыр Жапаров Вахагн Хачатрянды Армениянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
«Кыргызстан менен Армениянын ортосунда калыптанып калган достук мамилелер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялоо процесстеринин тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Садыр Жапаров Ваагн Хачатряга чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Армения Республикасынын элине –тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн