Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Армиябыз күчтүү болушу үчүн каражатты аябайбыз

12.05.2022 13:11
819
Садыр Жапаров: Армиябыз күчтүү болушу үчүн каражатты аябайбыз

Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди жана ага каражат аябайбыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада билдирди.


"Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында сиздердин департамент өз алдынча өзгөчө кызматы менен айырмаланып турат.


Албетте, атайын контингент менен иш жүргүзүү — абдан татаал жана жоопкерчиликтүү кызмат. Күнү-түнү дебей, ысык-суукка чыдап, бардык кыйынчылыктарды жеңе билүү менен мамлекеттеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап, жүктөлгөн милдеттерди так жана ак ниет аткарып жатасыздар.


Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди жана ага каражат аябастыгыбызды баса белгилеп кетейин",- деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн