Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаров Ашхабадда Бердымухамедов менен жолугушту

28.11.2021 14:42
884
Садыр Жапаров Ашхабадда Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуунун алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, ЭКУ саммитинин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жылуу куттуктап, Ашхабад шаарында өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.


Ал Уюм маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.


Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.


Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.


Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн