Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:37
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Асман шаары эмнеге Баткенде курулбаганын айтты

30.06.2023 13:00
537
Садыр Жапаров Асман шаары эмнеге Баткенде курулбаганын айтты


Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу ар бир кыргызстандыкка пайда алып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жаңы конуш курууга капсула салуу учурунда билдирди.


Анын айтымында, айрым алысты көрө албаган жарандар эмне үчүн Баткенде Асман шаары курулбай жатканына, ошондой эле эмне үчүн бардык долбоорлор Ысык-Көлдө ишке ашып жатканына нааразы.


«Эгерде Ысык-Көл Баткен облусунда болгондо сөзсүз Асманды ал жерге курмакпыз. Инвесторлор да мындай курулуш учурунда өздөрүнө ыңгайлуу курорттук аймакты тандашат. Эң негизгиси бул шаар кайсы жерде болбосун Кыргызстандын бардык элине пайда алып келет. Ал Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн локомотивине айланат. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашкан, андан түшкөн пайда республиканын бюджетине түшөт жана ар бир кыргызстандык 30 жылдан бери пайдаланып келет. Ошол сыяктуу эле бул шаар бардык кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болуп калат. Ошондуктан алысты көрө билип, Кыргызстандын келечегин ойлош керек. Кудай буюрса, өлкөнүн түштүгүнө дагы ушундай эле шаарды курабыз», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн