Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Асман шаары тогуз жолдун тоомундагы шаар болот

25.04.2022 13:21
1548
Садыр Жапаров: Асман шаары тогуз жолдун тоомундагы шаар болот

Президент Садыр Жапаров  Ысык-Көлгө курула турган Асман шаары тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтып берди.


"Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Ал шаардын, түшүнгөн адамдарга, келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту жанында. Темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле, эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат",- деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн