Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу: Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм

15.02.2023 13:19
482
Садыр Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу: Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу тууралуу пикирин билдирди.


"Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.


"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын»,- деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн