Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Атамбаевдин тарапташтарына жооп берди

09.06.2022 13:49
820
Садыр Жапаров Атамбаевдин тарапташтарына жооп берди

Президент Садыр Жапаров  БИ-БИ-СИ кыргыз кызматына маек куруп, өлкөдөгү болуп жаткан олуттуу маселелерге жооп берген.


BBC журналисти мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын үйүнүн мамлекетке конфискацияланышы тууралуу нааразылыгын билдирип жатканын айтып, бул маселе боюнча президенттин пикирин уккан.


"Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет",- деди президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн