Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 23:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды

05.11.2021 14:07
880
Садыр Жапаров Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, “Европа биримдиги - Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Президент Садыр Жапаров австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.


«Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз», - деди ал.


Мамлекет башчысы Австрия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.


Ал келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып жатканын эске салды. “Бул убакыттын ичинде биз кызматташуунун жемиштүү жолун басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү датаны эске алуу менен биз Австрия тарабына бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Садыр Жапаров.


Президент Австрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.


“Бизде соода-экономикалык кызматташтык үчүн пайдаланыла элек олуттуу потенциал бар деп эсептейбиз”,- деген мамлекет башчысы, Кыргызстан эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн товарлар тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.


Мамлекет башчысы Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.


Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга караабстан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.


Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык маселелер боюнча дагы.


Жолугушуу жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн