Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Физули шаарына келди

25.04.2024 13:48
190
Садыр Жапаров Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Физули шаарына келди


Президент Садыр Жапаров бүгүн Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Физули шаарына келди.

Физулинин эл аралык аэропортунда Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү, ардак кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Мамлекет башчылары калктуу конуштарды реконструкциялоонун башкы планы менен таанышып, Агдам шаарына барышат жана Азербайжандагы Кыргызстан мектебинин курулушун баштап беришет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн