Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту

31.10.2022 19:00
347
Садыр Жапаров БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы алака-катышты өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.


БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян президент Садыр Жапаровду жылуу кабылдап, анын иш сапары натыйжалуу жана ийгиликтүү болоруна жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоого жардам берерине бекем ишенерин билдирди.


БАЭ Президенти Кыргызстан менен өз ара кызматташууга кызыкдар экенин айтып, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен иштерди жандандырууну сунуштап, буга бүгүнкү кол коюлуп жаткан документтер көмөкчү болорун кошумчалады.


Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эки өлкөнүн соода-экономикалык карым-катыш чөйрөсүндө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, эмират тараптын Кыргызстан менен биргелешкен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигине дагы бир жолу ишендирди.


Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы мамилелер өз ара ишенимге жана достукка негизделип, эки элди тарыхый жана руханий байланыштар бириктирип турганын баса белгиледи.


Ал эки өлкөнүн эл аралык айдыңда эч кандай карама-каршылыгы жок экенин билдирип, Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын Жакынкы Чыгыштагы жана Булуң аймагындагы негизги соода өнөктөшү экенин кошумчалады.


Садыр Жапаров эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмү үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түзгөнүн айтып, ал ар жыл сайын өсүп жатканын, тараптар мындай жакшы динамиканы келерки жылдарда күчөтө алышарын баса белгиледи.


Ошондой эле ал соода-экономикалык алакадагы башка жакшы саамалыктарды – быйыл БАЭге экологиялык таза этти жана ичүүчү таза сууну экспорттоо башталганын, жакын арада Дубай жана Ош шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу мерчемделип жатканын, туризм тармагында сезилерлик өнүгүү бар экенине токтолду.


Президент Садыр Жапаров эмираттык инвесторлорду Кыргызстанда аймактык авиахаб түзүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Мындан сырткары, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды.


Садыр Жапаров шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайянды өзүнө ыңгайлуу мезгилде Кыргызстанга иш сапар менен келип-кетүүгө чакырды.


Өлкө лидерлери биргелешип иш алпаруунун күн тартибинин бардык багыттары боюнча өз ара алака-катышты тереңдетүү үчүн жогорку деңгээлдеги жигердүү саясий диалогду улантууга макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн