Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Садыр Жапаров БАЭ президенти менен жолугушуп, атасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

17.05.2022 21:15
447
Садыр Жапаров БАЭ президенти менен жолугушуп,  атасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды, ал БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахаяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жеке көңүл айтты.


Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнын жаңы Президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмират элине БАЭнин Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.


Садыр Жапаров шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын БАЭнин туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгиледи.


Аны менен бирге Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти кызматына кириши менен куттуктады.


Ал жаңы лидердин жетекчилиги астында дүйнөдө жогорку саясий жана экономикалык кадыр-баркка ээ болгон өлкө мындан ары да өнүгүп, өз ара ишенимге жана колдоого негизделген эки тараптуу кызматташтык Кыргызстан менен Эмират элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишенимин билдирди.


Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалап, Садыр Жапаров БАЭ Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин, элдерди тарыхый жана руханий достук байланыштары бириктирип турганын баса белгиледи.


Президент Садыр Жапапов Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга иш сапары менен ал үчүн ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.


Өз кезегинде БАЭ Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян Садыр Жапаровго иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган колдоо сөздөрүн жогору баалай турганын белгиледи.


Ал ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.


Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенимин билдирди.


Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын, ошондуктан тараптар ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү кызыкчылыгында тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.


Мухаммад бин Заед Аль Нахайян ошондой эле эки өлкөнүн элдери бир тууган экенин тастыктап, Кыргызстанга сөзсүз иш сапары менен келерине ишендирди.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн