Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 15:14
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров БАЭге иш сапары менен кетти (делегация курамы)

30.10.2022 18:23
446
Садыр Жапаров БАЭге иш сапары менен кетти (делегация курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:


– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;


– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;


– Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев;


– Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев;


– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова;


– финансы министри Алмаз Бакетаев;


– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;


– энергетика министри Таалайбек Ибраев;


– Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров;


– Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;


– Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;


– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн