Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясына кол тамгаларды тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кол топтоо баракчасын тапшыруу үчүн эң аз дегенде 30 миң жана шайлоо күрөөсүн 1 миллион сом төгүүнүн акыркы күнү.
"Кечээки күнгө карата беш же алты талапкер шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо баракчасын эки киши тапшырды. Кол топтоо баракчасын кечээ кечинде Бабыржан Төлбаевдин өкүлдөрү көрсөтсө, бүгүн эртең менен Садыр Жапаровдун адамдары алып келди. Бул экөө тең шайлоо күрөөсүн төккөн талапкерлердин ичинде",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн