Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров БУУнун климаттык саммитине катышуу үчүн келди. Аны Антониу Гутерриш тосуп алды

01.11.2021 16:27
747
Садыр Жапаров БУУнун климаттык саммитине катышуу үчүн келди. Аны Антониу Гутерриш тосуп алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон учурашты.


Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.


Эртең, 2-ноябрда, Президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн