Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
"Президент Садыр Жапаров сурактан чыкты. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды",- деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Буга чейин аталган иш боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн