Эгерде жетекчи мамлекеттик же муниципалдык кызматты материалдык байлыктын булагы катары эсептесе, анда аларга биздин арабызда орун жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык жыйынында билдирди.
Президент мисал катары Башкы штабдын жана Чек ара кызматынын бир катар жетекчилеринин коррупцияга айыпталып кармалганын айтты.
«Башкы штабдын башчысы, бир нече кызматкерлер коррупциялык схема түзүп, чек арадан өтүп жаткан адамдардан акча чогултушкан. Бул коррупция менен күрөшүүнүн мисалы, коррупцияны ким жасап жатканына карабай жазаланат», - деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн