Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 12:02
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды

25.12.2022 10:57
383
Садыр Жапаров Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.


Мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.


Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.


Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи. 


Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн